Ошто камактагы жарандан кызматкерлер акча өндүрүшкөн
Бөлүшүү:
Ошто №5 тергөө абагынын кызматкерлери камакта олтурган жарандан акча өндүрүшкөн. Бул тууралуу кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Нурдин Сулайманов билдирди.
Анын айтымында камакта отурган К.А.нын туугандары улуттук борборго кайрылып, системалуу түрдө акча талап кылуу фактыларын айтышкан.
«Соттолуучунун айтымында, абактын кызматкерлери акча гана өндүрүп албастан, ага карата күч колдонуп зордук-зомбулук көрсөтүшкөн. Бул иш боюнча прокуратурага арыз жиберилип, кылмыш иши козголду.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-kamaktagy-zharandan-kyzmatkerler-akcha-ndrshkn
Добавить комментарий ×