Ошто героин менен Жалал-Абад облусунун тургуну кармалды
Кыргыз Республикасынын ИИМнин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ири өлчөмдөгү "героин" баңгизатын сатуу менен алектенгендерди аныктоо жана аларга бөгөт коюу боюнча операция ийгиликтүү аяктады.Бул тууралуу ИИМдин БМЖКККнын Басма сөз кызматы билдирди.
2019-жылдын 9-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде тинтүү жүргүзүү учурунда ак түстөгү, өзгөчө жыты бар зат табылып алынган. Аталган факты КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде (Баңгизаттарды, акыл-эске таасир берүүчү каражаттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзасыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча катталган.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин БМЖКККнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМде УКТ мүчөсү катары ыкчам каттоосунда турган Жалал-Абад облусунун тургуну 1986-жылы туулган А.Р. аттуу тургуну аныкталып кармалган. Химикалык экспертизанын корутундусунун негизинде табылып алынган зат 1 кг 870 грамм салмактагы «героин» баңгизаты экендиги аныкталды.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жогорудагы кылмышка тиешеси бар башка жарандарды кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Добавить комментарий ×