Ошто экс-мэрдин тууганын он чакты киши сабап кетти

13 январь 2020 16:40 3268 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ошто шаардын мурдагы мэри Айтмамат Кадырбаевдин агасы Улан Райымбековду сабап кетишти. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан кабарлашты.

Ага ылайык, окуя 11-январдын түнүндө болгон. Жабырлануучу учурда облустук ооруканада дарыланууда. Анын дене-башы көгала болгон. Бирок ал милицияга арыз жазуудан баш тарткан.

Ага карабастан аталган факты Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, "Бейбаштык" беренеси менен экспертиза дайындалды.

Күбөлөрдүн айтымында, жабырлануучуга ондон ашык киши кол салган, учурда алардын алтоосу колго түштү.

Милиция "Казак" каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүнүн окуяга тиешеси бар-жогун тактап жатат.

Эске салсак, шаардык милициянын маалыматы боюнча ал былтыр октябрь айында 23 жаштагы жергиликтүү тургунга бычак менен кол салды деген шек менен кармалган. Кийин Ош шаарынын башка тургуну анын жашы жете элек кызын зордуктады деп арыз жазган.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-eks-merdin-tuuganyn-chakty-kishi-sabap-ketti



Добавить комментарий