Ошто батирдин ичинен 88 жаштагы аялдын жансыз денеси табылды
Бөлүшүү:
Ош шаарында батирлердин биринен 88 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Barometr.kg сайтына Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматта жазылгандай, 2019-жылдын 19-февраль күнү саат 19:12де КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын Куткаруу кызматынын куткаруучулары Масалиев көчөсүндөгү №57 үйдүн батиринин жабылып калган эшигин ачып беришкен. Батирдин ичинен 1931-жылы туулган Д.С. аттуу аял кишинин жансыз денеси табылган.
Куткаруучулар маркумдун сөөгүн ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-batirdin-ichinen-88-zhashtagy-ayaldyn-zhansyz-denesi-tabyldy
Добавить комментарий ×