Ошто 6 жаштагы бала ток уруп каза болду

27 август 2018 22:50 1078 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунда 6 жаштагы бала ток уруп каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБинын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, окуя кечээ 26-август күнү Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Маданият айылында болгон. 6 жаштагы Ж.А. өзүнүн үйүнүн короосунда ойноп жатып кокустан электр зымын кармап алган. Аны ошол замат ооруканага алып барышкан. Бирок медициналык текшерүүдө ал жолдо эле каза болуп калганы аныкталган. Бул окуя боюнча Кара-Суу РИИБинин ыкчам-тергөө тобу аталган жерге барып, кароо жүргүзүшкөн. Ошондой эле өспүрүмдүн ата-энеси эч кимге дооматы жок экендигин жана уулунун жансыз денесин медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-6-zhashtagy-bala-tok-urup-kaza-boldu



Добавить комментарий