Ошто 3 тонна пахта күйүп кетти

7 декабрь 2018 12:30 1637 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунда пахта тазалоочу ишкананын кампасында жыйналып турган үч тонна пахта күйүп кетти. Бул тууралуу 7-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя жумага караган түнү Тепе-Коргон айылында болгон. Адистер өрттүн чыгышына тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгонун айтууда.

Эске салсак, соңку бир сутка ичинде Кыргызстанда жалпысынан 17 өрт кырсыгы катталды. Адам өмүрүнө зыян тийген учурлар каттала элек.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-3-tonna-pahta-kjp-keti



Добавить комментарий