Ошто 25 жаштагы кызды зордуктагандар кармалды
Ош шаарында коомдук жайда бейбаштык кылган жарандар кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ичкииштер башкармалыгынын басма сөзкызматы билдирди.
Окуя түштүк калаанын эс алуучужайларынын биринде болгон. Маалыматка ылайык, окуяга шектүү деп кармалгандар эки жарандынжаагын сындыра уруп, дагы бирине женил жарат келтиришкен. Бирок, алар, Ош шаардык соту тарабынан үй камагына чыгарылган. Ош шаарынын тургундары 1993-жылы туулган Ж.Б жана1994-жылы туулган А. Б нын үстүнөн кайрадан арыз түштү.
25 жаштагы аялдын арызына караганда, бул жарандар аны өз эркине каршы зордукташкан. Кайрылган арыздын негизинде, бул жарандар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга 48 саатка киргизилди. Алардын үстүнөн КР кылмыш кодексинин 129-беренеси менен дагы кылмыш иши козголду.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-25-zhashtagy-kyzdy-zorduktagandar-karmaldy
Добавить комментарий ×