«Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чарасы старт алды
Бүгүн, 20-апрелде «Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эл аралык маданий иш-чаралары Ош шаарынын мэринин атынан даярдалган сүмөлөктү ачуу шааниси менен башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анда сүмөлөктү ачуу алдындагы көрүнүштөр, айтылчу каалоо-тилектер келген конокторго маалымат иретинде айтылды.
Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Башкы катчысы Дюсен Касеинов баштаган расмий коноктор, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген маданият министрлеринин орун басарлары, элчилер катышты.
Кийинки иш-чаралар Ош шаарынын борбордук аянтында уланат.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-trk-djnsnn-madanij-borboru-el-aralyk-madanij-ish-charasy-start-aldy
Добавить комментарий ×