Оштун вице мэри дем алыш күнү мас абалда жүргѳн видео социалдык тармакта тарады
Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимовго мас абалда унаасы менен чектөө киргизилген аймакка киргени үчүн айып пул салынды. Бул маалыматты Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.
Социалдык тармактарга вице-мэр Жасур Азимов унаасын мас абалда башкарып, жол тескөөчүлөрү тарабынан токтотулганда тартылган видео тараган. Видеодон вице-мэр спирт ичимдигин ичкенин мойнуна алып, Ташкенттен келген конокторуна Ош шаарын көрсөтүп жүргөнүн айтканын угууга болот.
Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров окуя эс алуу күнү болгонун билдирди.
«Бул окуя 24-августта — ишемби күнү болуптур. Вице-мэр мас абалда экендигин мойнуна алып, жол коопсуздугун караган милиция кызматкерлерине эч кандай каршылык көрсөткөн эмес. Мыйзамга баш ийип, наркологияга барган. Автоунаасын милиция кызматкерлерине өткөрүп берип кеткен. Ал автоунааны өзү башкарып жүрбөгүнүн, бирок өзүнө таандык унаа экендигин айтты.
Ошентсе да окуяга байланыштуу вице-мэрге кызматтык иликтөө жүргүзүлөт.
Ал эми вице-мэрди видеого тартып, интернетке тараткан мииция кызматкеринин иш аракетине ИИМдин ички иликтөө кызматы баа берет.», - деди А.Абсаттаров.
Ал эми Ош шаары боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Шайырбек Шакировдун айтымында, вице-мэрге 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынган.
Добавить комментарий ×