Ош шаарынын вице-мэри болуп Венера Рыскулова дайындалды
Бөлүшүү:
Ош шаарынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри болуп Венера Рыскулова дайындалды. Тиелешүү буйрукка шаардын мэри Алмаз Мамбетов кол койгонун “Барометр” маалымдайт.
Жаңы вице-мэр 39 жашта, ал 1981-жылы 13-октябрда Ош областынын Өзгөн районунда туулган.
"Фондрегистр" жоопкерчилиги чектелген коомунда директордун орун басары, Улуттук статистикалык комитетте басма сөз катчысы, өкмөттүн аппаратында ар түрдүү кызматтарды аркалаган.
Рыскулованын эки жогору билими бар, 3-класстагы мамлекеттик кызматтын кеңешчиси.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynyn-vice-meri-bolup-venera-ryskulova-dajyndaldy
Добавить комментарий ×