Ош шаарынын тургунуна кереги жок операция жасашып, ал каза тапты

4 апрель 2019 12:35 6224 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дарыгерлер бейтаптын анализдери жакшы болсо да болбой операция кылууну чечишкен, жыйынтыгында Оштун тургуну ооруканада каза тапты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады. 

2018-жылдын 29-ноябрында 1954-жылы туулган М.А. Ош шаардык ооруканасына профессор М.Ж.,га кайрылган. Дарыгер ага операция жасатууну сунуштаган.

М.А. операция алдында анализдерин тапшырып, ал жакшы чыккан. Операция жасоого кескин себептер болгон эмес.

Бирок 2018-жылы 30-ноябрда дарыгер оперция жасаган жана бейтапка тиешелүү медициналык көмөк көрсөтүлбөгөндүктөн абалы начарлаган.

7-декабрда 7 күн өткөндөн кийин бейтап каза тапкан. Мындан тышкары дарыгер операцияга шылтоолоп бейтаптын жубайынын 17 миң сом алган, кийин анын абалы начарлагандан 10 миң сомун кайтарып берген.

Учурда бул боюнча кылмыш иши козголду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynyn-turgununa-keregi-zhok-operaciya-zhasashyp-al-kaza-tapty



Добавить комментарий