Ош шаарынын чыга беришине айланма жол салуу пландаштырылууда (Сүрөт)

10 сентябрь 2020 17:53 557 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаарында автотыгынды азайтуу максатында шаардын чыга беришине айланма жол салуу пландаштырылып жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 10-сентябрда, Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бишкек-Ош жолунун бир бөлүгүн реконструкциялоо долбоору менен таанышты.

"Аталган трассада автотыгынды азайтуу максатында Ош шаарынын чыга беришине айланма жол салуу пландаштырылып жатат. Ош шаарына түз кирүүчү жол куруу боюнча иликтөөлөрдүн негизинде адистер тарабынан эки алгылыктуу вариант иштелип чыккан, алар экономика министрлигинин кароосуна жиберилген", -деди Транспорт жана жолдор министри Жанат Бейшенов.

Мамлекет башчысы аталган долбоорду ишке ашыруу автоунаа тыгынын азайтып, жарандардын Ош шаарына кирип-чыгуусун жеңилдетүүгө өбөлгө түзөрүн канааттануу менен белгиледи. Тиешелүү мамлекеттик органдарга аталган долбоорду кароону ыкчамдатууга жана жакынкы мезгилде курулуш иштерин баштоого сунуштама берилди.



Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynyn-chyga-berishine-ajlanma-zhol-saluu-plandashtyryluuda-srt



Добавить комментарий