Ош шаарында жаш баласы менен келин мас абалында табылган

15 август 2019 10:45 1443 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаардык милициясы өтө мас абалындагы, жаш баласы бар аялды соолукканга чейин бөлүмдө кармап, соолуккандан соӊ үйүнө кое беришти. 

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Бул аял 12.08.1992-жылы туулган, Кызыл-Кыя шаарынын тургуну.Ош шаарында убактылуу жашап,Оштогу  базарлардын биринде таразачы болуп иштеп турган. 12-августта күйөөсү келип, экөө туулган күндү белгилешип, түндүн бир оокумуна чейин базар аймагында  алкоголдук ичимдиктерди ичишкен. Андан соӊ күйөөсү аялын убактылуу жашап турган Ош шаарынын Привокзальная көчөсүнө таштап койбостон кайрадан Кызыл-Кыя шаарына кетип калган. Аял, жаш баласы (1 жашар 2 айлык) менен убактылуу жашаган үйүнө жетпестен мастыктан улам жолго жыгылып калган.

Бул тууралуу жергиликтүү тургундар Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын  Сулайман тоо милиция бөлүмүнө кабарлашкан. Милиция кызматкерлери эне-баланы  милиция бөлүмүнө алып келишип, соолуккандан соӊ кое беришкен.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы адам тагдырына кайдыгер карабастан, милицияга кабар беришкен жарандарга ыраазычылык билдирет.

Мындай абалдагы адамдарды кабыл ала турган жай жок. Мурда соолуктуруучу жай болгон.



Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynda-zhash-balasy-menen-kelin-mas-abalynda-tabylgan



Добавить комментарий