Ошто жол эрежесин бузган айдоочулар тыкыр текшерилип жатат

28 январь 2020 13:46 1010 Barometr
Бөлүшүү:
ok

27-январдан тартып Ош шаарынын аймагында башкармалыктын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн атайын иш мерчемине ылайык «Крутой» аталыштагы рейд башталды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Анын максаты жол кыймылынын эрежелерин, автомашинага карата коюлган талаптарды бузуп айдаган айдоочуларды аныктоо, жол кырсыктарынын алдын алуу болуп саналат.  

Рейддин биринчи күнүндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагынан жол эрежесин бузган 155 айдоочуга протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынды.  

15 автомашина атайын автоунаа токтотуучу жайга киргизилди. Айдоо күбөлүгү жок 4, автомашинанын техникалык паспорту жок 5, автомашинанын мамлекеттик номери жок 1 автомашина кармалды. Ошондой  эле мас абалында 3 айдоочу кармалды. 

Ош шаарынын аймагында «Крутой» рейди уланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaarynda-krutojlorgo-krutoj-degen-atalyshtagy-profilaktikalyk-rejd-tp-zhatat



Добавить комментарий