Ош шаарына өзү шыпырып, жууй турган техникалар алынып келинди (сүрөттөр)

18 август 2020 17:33 1458 Barometr
Бөлүшүү:
ok



Бүгүн, 18-августта Ош шаарына жолдорду жууп, тазалай турган төрт атайын техника жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Ош мэриясынын маалымат кызматына таянып «Барометр» билдирет.

Техникаларды тапшыруу аземине мэр Таалайбек Сарыбашов, тиешелүү ишканалардын жетекчилери, "Ош-Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катышкан.


Калаа башчысы автоунаалардын ачкычтарын "Ош-Тазалыктын" айдоочуларына тапшырып, андан соң өзү айдап көрүп сындан өткөргөн.

“ Бир эле мезгилде өзү шыпырып, жууп кете турган техникаларды алып келдик. Андан тышкары, кышында карды күрөп, кум-туз чача турган дагы өзгөчөлүктөрү бар. Бүгүнкү күндө «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын техникаларынын саны жетишсиз. Андыктан техникалык базаны толуктоо жана жаңылоо мезгилдин талабы.

Ал эми, «Ош-Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлерине кайрылып, ушул техникаларды максаттуу пайдаланып, техникалык тейлөөнү өз убагында жүргүзүп, шаарыбыздын эли үчүн талыкпай эмгектенип бересиздер деп ишенем», -деди шаар мэри.


Маалыматта, Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынын долбоорунун негизинде 10 миллион евро (жарымы кредит, жарымы грант) бөлүнгөнү айтылат. Бүгүнкү күндө 380 даана контейнер пайдаланууга берилди. Бул долбоордун алкагында эми таштанды ташуучу автоунааларды жана таштанды таштоочу контейнерлерди алуу пландалган.

Ошондой эле жаңы санитардык полигонду куруу, шаардын аймагында контейнерлер жайгашкан дагы жерлерди жана ишкананын гаражынын оңдолору айтылат.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaaryna-z-shypyryp-zhuup-kyshynda-kardy-krp-kum-tuz-chachachyp-kete-turgan-tehnikalar-alynyp-kelindi-srttr



Добавить комментарий