Ош шаардык мэриясы мамлекеттик батирлерди мыйзамсыз берген

1 октябрь 2018 11:30 1161 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаардык мэриясы тарабынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн бериле турчу батирлер мыйзамсыз берилгени аныкталды. Мурда козголгон кылмыш иштин алкагындагы текшерүү иштерин УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы жүргүзгөн.

 Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 2017-жылы Ош мэриясынын токтому менен мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн “Анар” кичирайонунан 66 батир берилген. Текшерүү маалында 8 жарандын башка турак-жайы жоктугун билдирген документ жасалма экендиги, 32 жаран Ош, Жалал-Абад облустарынын бир катар районунда жана Бишкек шаарында жашагандыгы аныкталды.

Ошондой эле 3-топтогу 9 майып адам батирди мыйзамсыз алганы аныкталды.

Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 304-305-315-беренелериндеги кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-shaardyk-meriyasy-mamlekettik-batirlerdi-myjzamsyz-bergen



Добавить комментарий