Ош облусунун прокурорунун орун басары муунуп каза болду

10 сентябрь 2018 16:09 1241 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунун прокурорунун орун басары Төрө Кожошев муунуп каза болду.  Маркумдун денесин бүгүн, 10-сентябрда эртең менен өзүнүн үйүндө асылып турган жерден табышкан. Бул  маалыматты  Башкы прокуратурадан тастыкташып, маалыматтар такталып жатканын билдиришти.

Ал эми Ош ОИИБдин билдирүүсү боюнча, милицияга бүгүн, 10-сентябрда саат 9:30да кабар түшкөн. Учурда Кара-Суу РИИБ менен Ош ОИИБден жөнөтүлгөн 2 топ окуя болгон жерде иштеп жатышат. Маркум Төрө Кожошев Кара-Суу районунун Фуркат айылда жашап жаткан. Анын артында 5 баласы калды.  

Учурда окуянын чоо-жайы териштирилип жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-oblusunun-prokurorunun-orun-basary-muunup-kaza-boldu



Добавить комментарий