Ош облусундагы Кара-Сууда ок атышуу болду

23 сентябрь 2019 15:22 1133 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Жакында Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Фуркат айылында атышуу болгону кабарланган.  Ок атышууда Төлөгөн Рахманберди уулу аттуу жаран жаракат алып, Ош облустук ооруканасына түшкөн. Дарыгерледин айтымында, анын жоон санына ок тийип, сөөгү сынып кеткен.

 Жарадар болгон жаранды кошо машыгып жүргөн Кылыч Саркарбаев атканы айтылууда. Саркарбаев - эрежесиз мушташтын чебери, бир нече эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Кылыч Саркарбаев учурда Ош шаардык спорт комитетин башкарып жаткан. Учурда ал окуя болгон жерден качып кеткени айтылууда. Өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Милиция расмий маалымат тарата элек.

Баштапкы кабарларга караганда, окуя Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бейбаштык» беренесинин негизинде катталды. Окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-oblusundagy-kara-suuda-ok-atyshuu-boldu



Добавить комментарий