Ош облусунда муунуп өлгөн прокурордун орун басарынын туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартты
Бөлүшүү:
Ош облусунда муунуп өлгөн прокурордун орун басарынын туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышты. Бул тууралуу массалык маалымат каражаттарына Ош ОИИБдан билдиришти.
Маалым болгондой, Төрө Кожошевдин туугандары анын денесин соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышты. Ошондой эле анын денесин сүрөткө тартууга да уруксат беришкен эмес.
Эске салсак, 10-сентябрда Төрө Кожошевдин өз үйүндө асынып алганы кабарланган. Анын артында жубайы жана 6 баласы калды. Торо Кожошов каза болгон күнү отпускадан жумушка чыгышы керек болчу.
Добавить комментарий ×