Ош облусунда бажы кызматкерлери кара мурч жана калемпир ташыган унааны кармашты

15 август 2019 16:21 2680 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош областында Кыргыз Республикасынын жараны Т.К.Энын башкаруусундагы “Хундай Портер” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан төмөнкү товарлар табылган:

- Лавр жалбырагы (лавровый лист) -525 кг;

- Кургатылган укроп - 700 кг;

- Кара мурч – 500 кг;

- Аялдардын бут кийимдери – 2156 түгөй;

- Кызыл калемпир (таттуу) – 500 кг.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документ көрсөтө алган эмес. Кармалган товардын жалпы суммасы 537 875 сом.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-oblusunda-kontrabanda-zhuktor-karmaldy



Добавить комментарий