Орзубек Назаров: Кызым Аделина жабыркап, эки жигит каза болгон автокырсык боюнча соттон акыйкаттык жеңди

24 сентябрь 2019 14:32 4249 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Орзубек Назаров Жогорку Соттун чечимине кубанып, жоктоочусуна жана жалпы элге ыраазычылыгын билдирди.
«Бүгүн  КРдин Жогорку Соттунда менин кызым Аделина жабыркап, эки жигит каза болгон автокырсык боюнча сот отуруму болду. Анда шаардык, райондук соттун чечимин күчүнѳ калтырды. Үч айлампалык тозоктон кутулдум, адилеттүүлүк, акыйкаттык жеңди. Жактоочу Гулнара Султанбековага ыразычылык», -деп жазды Орзубек Назаров.

Ички иштер министрлиги Орзубек Назаровго министрликтен моралдык жана материалдык чыгым төлөп бериши керек.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 19-август түнү досу менен мотоциклде бара жаткан Аделина Назарова Бишкектин чок ортосунда жеңил унаа менен кагышкан. Анын кесепетинен мотоциклди айдап бара жаткан 21 жаштагы жигит каза болгон. Жеңил унаанын ичиндеги үч киши да жаракат алып, кийинчерээк бирөөсү көз жумганы айтылган. Ал эми Аделина 10 күндөй комада жаткан.

Ссылка: https://barometr.kg/orzubek-nazarov-sottogu-zheishine-kubanyp-socialdyk-tarmakta-blsht



Добавить комментарий