Орусияда 3 млн гектарга жакын токой ѳрттѳндү

1 август 2019 13:01 783 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айттырбай келген кырсык менен күрѳшүүдѳ. Тилсиз жоо улам кулачын жайгандыктан президент Владимир Путин орус армиясын жардам берүүгѳ буйрук берди. Мындай чечимди ал Ѳзгѳчѳ кырдаалдар министри Евгения Зиничевдин докладынан кийин чыгарды. Себеби алоолоногон отту ѳчүрүүгѳ кызматкерлердин жетишсиздиги айтылган.

Маалыматка ылайык, Россиянын токойлорундагы ѳрт 2,7 млн гектар жерди камтыган. Ѳткѳн жылга салыштырмалуу 12 пайызга жогору. Ѳзгѳчѳ кырдаал абалы ѳлкѳнүн тѳрт аймагында жарыяланган. Ѳтѳ олуттуу абал Иркутск облусу, Красноярск аймагы, Якутия  жана Бурятия.

Буга чейин экологдор аба ырайынын ысышы менен ар кандай кырсыктар болоорун алдын ала жарыялап келген.

Кошумчалай кетсек, Красноярск аймагына атайын кошумча ѳрт ѳчүрүүчү самолеттор учуп келди.

Ссылка: https://barometr.kg/orusiyada-3mln-gektarga-zhakyn-tokoj-rttnd



Добавить комментарий