Организмди тазалоочу чайлардын тизмеги
Бардык организмди бир жылда бир жолу тазалап туруу талапка ылайык.
Ал үчүн сизге чөптөр жардам берет. Төмөнкү дары чөптөрдүн арасынан өзүңүздүн табитиңиз тарта турганынан чай демдеп иче бериңиз.
1. Мелиссанын жалбырагын термоско салып, үстүнө кайнак суу куюп оозун жаап, 5 саатка тыныктырып коёсуз. Андан кийин ар бир тамактын алдында, күн сайын 3 ирет 50 мгдан кабыл алып турасыз. БИр ай боюу.
2. Бир даана хренди сүргүчтөн өткөрүп аласыз. Ага бир аш кашык каймак кошосуз. Бир аш кашыктан тамак ичип жатканда кабыл аласыз. Бир ай аралыгында.
3. Чөп чай даярдоо үчүн цикория, семян льна, хвоща полевой, шелковица, росянка, бессмертник, боярышник, пустырник, крапивадан бир аш кашыктан алып бир идишке салып коёсуз. Андан бир аш кашыгын 200 мл кайнак суу куюп, кайнап жаткан сууга идишти салып 10 мүнөттөй кайнатасыз. Бир ай боюу тамактанууга жарым саат калган жарым стакандан ичип турасыз.
4. 300 грамм сарымсакты эт туурагычтан өткөрүп, ага 200мл спирт кошуп, караңгы жана муздак жерге коюп коёсуз. Бир ай боюу тамактын алдында 10 тамчыны сүткө кошуп ичесиз.
Бул чайлар сиздердин ден-соолуктарыңыздар үчүн. Ден-соолукта болуңуздар!
Ссылка: https://barometr.kg/organizmdi-zhylyna-bir-zholu-tazaloochu-chajlardy-sunushtajbyz
Добавить комментарий ×