Ооздогу жагымсыз жыттан кантип арылса болот?

11 апрель 2022 12:15 4658 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сарымсак жеп алсаңыз да жакшы жардам берген ыкма менен тааныштырмакчыбыз. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Ар дайым жаныңызда сагыздын ордуна гвоздиканы алып жүрүңүз. Керектүү учурда чайнай калыңыз. Гвоздиканын курамында эфир майлары бар жана ал ооздогу жыттан арылууга жардам берет. Аптекада сатылат.

Мындан сырткары:

Гвоздика тишти жана бүлөөнү бекемдейт.

Тиш ооруганда да жакшы натыйжа берет.

Мыкты антиинфекциондук каражат.

Сезгенүүгө каршы таасир этет.

Ичеги карындын жана (өзгөчө ич көпкөндө жана ооруганда) боордун кызматын жөнгө салат.

Эс тутумду жакшыртып, мээдеги кандын айлануусун иретке келтирет.

Нерв жана физикалык жактан чарчагандан кийин күч топтоого жакшы жардам берет.

Ссылка: https://barometr.kg/oozdogu-zhagymsyz-zhyttan-kantip-arylsa-bolot



Добавить комментарий