Ольга Бузова Куршевелде чыккан коркунучтуу өрттөн кийин байланышка чыкпай жатат
Россиянын белгилүү алып баруучу, ырчыларынын бири аты чуулуу Ольга Бузова өзүнүн туулган күнүн белгилөө үчүн курбулары менен Куршевелге эс алууга кеткен эле. Маалым болгондой Ольга Бузова инстаграмдагы жеке баракчасына эмне кылганын, кайда барганын айтоор баарын жүктөп эл менен бөлүшүп турат.
Бузова курбулары менен чогулуп өткөн ишемби күнү Куршевелге жетишкен. Анын эртеси жекшемби 20-январда курорттордун биринен өрт чыгып тилсиз жоо дагы 2 имаратка тарап өтүп кеткен. Өрттүн жыйынтыгында жалпысынан 14 киши жабыркаганы айтылууда.
Бузованын инстаграм катталуучулары анын акыркы постуна ага санааркап “Оля баары жакыбы?”, “өрт боюнча эмне болду?”, “силер жабыркаган жоксуңарбы?” деген өңдүү пикирлерди жазып калтыра башташты.
Добавить комментарий ×