Окумуштуулар грипптин бардык вирустарына каршы дүйнөдөгү биринчи вакцинаны иштеп чыгышты

8 декабрь 2020 14:27 782 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нью-Йорктогу Маунт Синай ооруканасынын медицина мектебинин окумуштуулары сасык тумоо вирусунун түрлөрүнө каршы дүйнөдөгү биринчи универсалдуу вакцинанын клиникалык сыноолорунун биринчи этабын аякташты. Бул тууралуу Nature Medicine басылмасына шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Жаңы вакцина химиялык гемагглютининге (ГА) негизделген. Адатта, гриппке каршы заманбап вакциналар организмди тышкы гемагглютининге антителолорду пайда кылууга түртөт. Бул белок сегментинин түзүмү дайыма өзгөрүп турат, ошондуктан окумуштуулар жаңы вакциналарды тынымсыз жаратышат. Химер вакцинасында мындай кемчилик жок экенин окумуштуулар ишендирүүдө.

Вакцина мындан алты жыл мурун жасалгандыгы белгиленди. Ошондон бери ар кандай жаныбарлардын клеткаларына клиникага чейинки тестирлөөдөн өтүп жаткан. Алардын бардыгы ийгиликтүү аяктагандыктан, вакцинаны жаратуучулар адамдарга сыноолорго өтүштү. Биринчи этапка 18 жаштан 40 жашка чейинки 56 волонтер катышкан.

Жыйынтыгында, изилдөөгө катышкан ыктыярчылар сасык тумоо менен ооруган адамдарга салыштырмалуу азыраак оорушкан. Грипп вирусуна каршы антителолор көпчүлүк ыктыярчылардын канында кеминде 18 ай жүргөн.

 Илимпоздордун айтымында, вакцина гемагглютининдин ар кандай формаларын камтыган грипп вирусунан сактайт. Алардын катарына H1N1 чочко тумоосу жана H5N1 канаттуулар тумоосу сыяктуу көптөгөн коркунучтуу жана сезондук тумоонун түрлөрүнөн да сактайт

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-sasyk-tumoonun-bardyk-virustaryna-karshy-djndg-birinchi-vakcinany-ishtep-chygyshty



Добавить комментарий