Окумуштуулар ашкабактын жемиш же жашылча экенин так аныктай албай келишет. Ашкабактын пайдасы
Окумуштуулар ушул күнгө чейин ашкабактын же жемиш экенин, же жашылча экенин так аныктай албай келишет. Бирок, алар анын болуп көрбөгөндөй пайдалуу экенин эбак иликтешкен. Мунун баарына ашкабактын витаминдерге бай жана жагымдуу даамга ээ экени себепчи.
Ашкабак
Ашкабакты дүйнөдө кайсы өлкө биринчи болуп пайдалана баштаганы белгисиз. Анткен менен ашкабак Түштүк Америкадан чыкканы белгилүү. Азыркы маалда аталган жашылчадан эң көп даамдарды америкалыктар жасашат. Муну менен катар ар бир элде аны даярдап колдонуунун бири-бирине окшошпогон улуттук ыкмалары менен рецепттери кездешет. Муну эске алганда, организм үчүн ашкабактын маңызы дагы, данеги дагы, гүлү дагы жана жалбырагы дагы пайдалуу экен.
Курамы
100 г ашкабак 90 г суудан, 0,9 г белоктон, 5,9 г углеводдон, 1,2 г клетчаткадан жана органикалык кислоталардан турат. Ошондой эле анын курамында А, В1, В2, РР, В9, С витаминдери, калий, кальций, магний, натрий, фосфор макроэлементтери жана темир, йод, цинк, фтор микроэлементтери бар. Ушул эле 100 г ашкабак орточо 25 килокалорий баалуулукка ээ. Бул пайдалуулуктар организмге таасир этиш үчүн аталган жашылчаны жаңы кезинде сууга бышырылган, куурулган, бууга бышырылган, шире, пюре жана поведло түрүндө даярдап жей берүү керек.
Саламаттыкта
- Уйкусуздукка кабылганда 1 стакан жаңы сыгылган ашкабак ширесине 2 чай кашык бал кошуп жатаарда ичип туруу керек;
- Циститтен арылуу үчүн күнүнө 2 жолу ботко катары даярдалган ашкабакты 50 граммдан жесе болот; - Ушундай эле максатта күн сайын 2-3 стакан жаңы сыгылган ашкабак ширесин ичип турууга да мүмкүн;
- Ашкабактын семичкелерин көбүрөөк чагып жеген эркек кишинин потенциясы жакшырат; - Маал-маалы менен ашкабакты тамак катары даярдап жеп туруу аркылуу жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алууга болот;
- Ачкарын ашкабактын семичкелерин чагып жеген шартта ичегидеги ар кыл курттар өлүп жоголот;
- Ашкабактан жасалган даамдар кандын курамындагы холестеринди кубалоого эгедер;
- Ашказан-ичеги тутумунда көйгөйү барлар ашкабакты сууга бышырып жешсе болот. Бирок, бул гастрит жана ашказан жарасы үчүн эмес;
- Бул жашылча ич катууну дагы жөнгө салат; - Ашкабактын семичкесиндеги А, В, С витаминдери жүрөктүн иштешин жакшыртууга шарт түзөт. Ал үчүн аларды кууруп, тазалап, бал менен аралаштырып, андан күнүгө эртең менен ачкарын 1 аш кашыктан жеп жүрүү керек.
Зыяндуулугу
Гастрит, ашказан жарасы жана кант диабети менен ооруп, бул дарттардан жабыркап жүргөн адамдарга ашкабак жана ашкабактан жасалган даамдарды жегенге болбойт. Себеби, аталган жашылча күчтүү кычкылдандыруучу сапатка ээ. Ал организмдин кычкыл чөйрөсүнүн тең салмактуулугун бузуп жиберет. Ошондой эле ашкабак семичкесин көп чагуу да зыян деп айтылат, ал тиштин эмалын жабыркатат.
Добавить комментарий ×