Окумуштуулар: Арктика 2050-жылга чейин толук ээрип жок болот

1 май 2020 18:09 2024 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Арктикадагы муз 21-кылымдын ортосунда толугу менен ээрип жок болорун Geophysical Research Letters басылмасы жазды.

Ага ылайык, немис окумуштуулары спутниктен тартылган акыркы 40 жыл ичиндеги бардык сүрөттөрдү салыштырып окуянын өнүгүшүнүн бир нече версиясын сунуштады.

Илимпоздор абага көмүр кычкыл газы бүгүнкүдөй темп менен чыга бере турган болсо анын жыйынтыгы кандай болоруна кызыгышкан. Изилдөөгө ылайык, көмүр кычкыл газынын чыгышы азайса дагы 2050-жылга чейин Арктикадагы муз толук ээрип жок болору аныкталган. Андыктан түндүктү каптаган түбөлүк муздар акыр аягы ээрип жок болот.

Аны менен катар окумуштуулар суук түндүктү байырлаган ак аюу, тюлень сыяктуу жаныбарлардын жашаган аймагы тарып, алар дагы жок болушу ыктымалдыгын божомолдошту.

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-arktika-2050-zhylga-chejin-toluk-eerip-zhok-bolot



Добавить комментарий