Окумуштуулар адамдын жаңы органын табышты

6 ноябрь 2019 09:29 4483 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америкалык окумуштуулар адамдан кошумча дагы бир мүчөнү табылгандыгы тууралуу айтып чыгышты. Бул ачылыш тууралуу “Рубежи здоровья” илимий журналы жарыялап чыкты.

Бул ачылыш эндоскопиялык операция убагында ачылгандыгы белгиленип жатат. Хирургдар ичеги карын органдарынан өт жолдорун изилдеп жатып, капысынан микроканалдардын түйүнүнө урунуп калышкан. Алар бириккен кыртышты сайгылап көрүшкөндө, ичи суюктук менен толгонун байкашкан. Окумуштуулар буга чейин эч белгилүү болбогон клеткалардын топтомун адамдын жаңы органды деп эсептесек болот деп токтолушкан.  Мурда илим өт жолдорундагы кыртыштардын түзүлүшү бир тектүү жана коюу деп түшүндүрүп келген. Ошол себептүү хирургтар жыйылган микроканалдарды  биринчи көргөндө  капиллярлар деп ойлошкон. Бирок, айрым бир келишпестиктерди байкашкан. Мисалы, каппилярлар түсү боюнча бир кыйла каралжын, жана алар канга толгон эмес.

 Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгында окумуштуулар мындай каналдар адамдын башка органдары менен дагы байланышкан деген жыйынтыкка келишкен. Ал жакта  бардык организдин 20 процент суюктугу сакталат. Бул азырынча “аты жок”  орган адамдын ички органдарынын амортизаторунун ролун аткарат деп божомолдошту жана бул жаңы органды кеңири изилдөөнү улантып жатышат.  

Ссылка: https://barometr.kg/okumushtuular-adamdardan-zhay-organdy-tabyshty



Добавить комментарий