Океан түбүндөгү музей. Сырдуу экспонаттарга саякат

3 август 2018 22:00 2114 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Европада биринчи жолу океандын алдында музей ачылды.  Испаниядагы Лансароте аралынын жээгиндеги океандын түбүнө орнотулган 15 метр тереңдиктеги жасалган коркунучтуу экспонаттар британиялык скульптор  Джейсон де Кайрес Тейлор тарабынан иштелип чыккан. 

Скульптордун айтымында жасалган экспонаттар сууда чирибеген, 100 жылдан ашык турса да океандын ичиндеги экосистемага зыяны тийбеген материалдардан жасалган. 

Элдер суу астындагы айнек өткмөктөн көрө алышат жана каалагандар үчүн 15 метр терендикке түшсө болот деп билдирет музейдин кызматкерлери. Экспонаттарды жасоого скульптор 3 жыл кетирген. Акыры өзү ойлоп жүргөн максаты ишке ашып,дүйнө адамдарды суу түбүндөгү аркы дүйнөнүн порталы катары тааный алышат деп билдирет скульптор CNN телеканалына берген интервьюсунда. 


Ссылка: https://barometr.kg/okean-tbndg-muzej-syrduu-eksponattarga-sayakat



Добавить комментарий