Ок атышуу болгон кыргыз-тажик чек арасы ачылды
Ок атышуу болгон Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш "Кулунду-авто жол" көзөмөл өткөрүү жайы ачылды. Бүгүн саат 18.30дар тарта ал жерден Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарын өткөрүлө баштаган.
Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады.
"Кулунду-авто жол" көзөмөл өткөрүү жайы Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айлынын түндүк тарабында жайгашып, көп тараптуу, күнү-түнү иш алып барган өткөрүү жайы болуп эсептелет.
Азыркы учурда Тажикстан менен чек арадагы 5 өткөрүү жайынын баары күнүмдүк тартипте иш алып барып жатат. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу.
Эске сала кетсек, 16-сентябрда Лейлектин Тажикстанга чектеш Максат айылында чек арада эки тараптуу ок атышуу болгон. Мындан улам Тажикстандын күч органдары бир тараптуу негизде «Кулунду-унаажол» көзөмөл-өткөрмө бекетинен Кыргызстандын жана Тажикстандын жарандарын өткөрүүнү убактылуу токтоткон болчу.
Ссылка: https://barometr.kg/ok-atyshuu-bolgon-kyrgyz-tazhik-chek-arasy-achyldy
Добавить комментарий ×