Нуржигит Кадырбеков: "Туризмди калыбына келтиребиз" (сүрөт)

22 октябрь 2020 10:09 853 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбеков Министрликке караштуу Туризм департаментинин кызматкерлери менен жолугушту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Ошондой эле ал, өлкөнүн туризм тармагындагы абал, көйгөйлүү маселелер жана алдыга коюлган максаттар алкагында баарлашты.

Министр, Нуржигит Кадырбеков туризм тармагы өлкөбүз үчүн маанилүү экендигин баса белгилеп, туризмди эффективдүү өнүктүрүү аркылуу мамлекеттин экономикасын ургаалдуу өнүктүрүүгө болорун айтты. Быйылкы жылда түзүлгөн кырдаалдан улам бир топ тоскоолдуктарга дуушар болгон туризм жаатын калыбына келтирүү жана андан ары өнүктүрүү максатында оптималдуу сунуштарды киргизүү зарылдыгын белгиледи.

Ошону менен катар, Нуржигит Кадырбеков туризм объектилеринин абалын, анын ичинде, жол боюндагы инфратүзүмдөрдүн сапатын жакшыртуу, эл аралык стандарттарга теңдөө, жеринде көйгөй жараткан таштандылардан арылуу маселелерин чечүү максатында сунуш-усалдарды карап чыгууну тапшырды.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директорунун орун басары К.Кенжематова учурдагы туризм жаатынын абалы, аткарылып жаткан иштер жана алдыга коюлган милдеттер боюнча маалымат берди.Туризм чөйрөсү экономикалык багыт болгондуктан, өлкөдөгү түзүлгөн кырдаал терс таасирин тийгизгендигин белгилеп, туризм тармагына өзгөчө көңүл бөлүү зарыл экендигине токтолду.

Мындан сырткары, өлкөнүн туризм жаатын өнүктүрүүгө эл аралык өнөктөштөрдүн кошуп жаткан салымы жогору экендигин белгиледи. Туризм чөйрөсүн калыбына келтирүү жана өнүктүрүү иш-аракеттери мамлекет тарабынан кабыл алынган тийиштүү программалар жана мерчемдердин алкагында уланат.

Ссылка: https://barometr.kg/nurzhigit-kadyrbekov-turizm-tarmagy-lkbz-chn-maanil-srt



Добавить комментарий