Нурлан Насип менен Асель күйөрмандарынан качып кутулушту. Видео
Күйөрмандарын артынан чуркаткан Нурлан Насип менен Асель Кадырбекованын видеосу социалдык тармактарга таратылды.
Жакында гана таттуу тугөйлөр статусуна ээ болгон Нурлан Насип менен Асель Кадырбекованын үйлөнүү тойдон кийинки гастролдору уланууда. Учурда алар Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына концертин аяктады. Концерт эки күнгө созулуп, аншлаг менен өткөнү социалдык тармактардан байма-бай жарыяланууда. Концерттин аягында түгөйлөрдун күйөрмандары алар менен сүрөткө түшүү үчүн артынан агылып бара жаткан видеону да көрсөк болот. Эки жашты концертке келгендер көпкө чейин коё беришкен жок. Биз да ырчылардын кийинки концерттерине ийгилик каалайбыз. Нурлан Насип менен Асель Кадырбекованын күйөрмандарынан качып бараткан видеосун жерден көрө аласыздар.
Ссылка: https://barometr.kg/nurlan-nasip-menen-asel-kjrmandarynan-kachyp-kutulushtu-video
Добавить комментарий ×