Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов кызматтан кетти

7 сентябрь 2018 14:05 914 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалым болгондой, КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Рыскулов Уланбек Дуулатович ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.

Белгилей кетсек, Уланбек Рыскулов бул кызматты 2016жалдан бери аркалап келген.

Ссылка: https://barometr.kg/nr-zhaj-energetika-zhana-zher-kazynasyn-pajdalanuu-mamlekettik-komitetinin-tragasy-ulanbek-ryskulov-kyzmattan-ketti



Добавить комментарий