Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп Эмил Осмонбетов дайындалды
Бөлүшүү:
Кыргыз республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп Эмил Осмонбетов дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалымат кызматынан билдиришти.
Аталган жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Мындан бир нече күн мурда парламентте премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул орунга Эмил Осмонбетовдун талапкерлигин сунуштаган.
Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Уланбек Рыскулов берген арызына ылайык 7-сентябрда кызматтан бошотулган.
Добавить комментарий ×