Ноокенде унаа каналга түшүп кетип, эки адам жабыркады
Бөлүшүү:
Ноокен районунудагы Бишкек-Ош унаа жолунунда, айдоочу рулду башкара албай, унаа каналга түшүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Бүгүн, 14-майда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда жол кырсык катталды. Бишкек-Ош унаа жолунунда Дэу-Нубира үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай калып Шайдан-Сай каналына түшүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 2 адам жабыркап куткаруучулар тарабынан оодарылган унаадан чыгарылып, 103 кызматкерлерине өткөрүп берилген",- деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/nookende-unaa-kanalga-tshp-ketip-eki-adam-zhabyrkady
Добавить комментарий ×