Ноокатта жаранды опузалап коркутуп 40 000 сом талап кылган шектүүлөр кармалды
Ош облусуна караштуу Ноокат районунда 40 000 сом опузалап талап кылган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирген маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Маалыматка ылайык, 8-февраль күнү Ноокат районунун Гулистан айыл аймагынын Беш-Коргон айылынын 1979-жылы туулган А. Р.ди аттуу тургуну М. жана И. аттуу жарандар андан коркутуп, 40 000 сом акча опузалап жаткандыгы боюнча Ноокат РИИБне арыз менен кайрылган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 203-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту (опузалап талап кылуу, алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу менен) сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында жогорудагы 2 жаран 14 000 сом акча алып жаткан жеринен кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Кармалган шектүүлөр: Ноокат районунун Көк-Бел айылынын тургуну, уюшулган кылмыштуу топко катышы бар катары Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турган 37 жаштагы К. И. С. аттуу жаран. Ал 2014-жылы декабрь айында каракчылык фактысы менен кармалып, Ош облустук соту тарабынан 9 жылга эркинен ажыратылган. 2019-жылы октябрь айында Ош шаарындагы №42 түзөтүү мекемесинде 3 жылдык эркинен ажыратылып ошол жерде мөөнөтүн өтөп жаткан.
Ал эми экинчи шектүү Ноокат районунун Чечме-Сай айылынын тургуну, 33 жаштагы И.М.Р. Ал 2020-жылдын декабрь айында Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо менен Ош шаардык соту тарабынан соттолуп, 2 жылга пробациялык мөөнөтүн өтөп жаткан", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/nookatta-zharandy-opuzalap-korkutup-40-000-som-talap-kylgan-shektlr-karmaldy
Добавить комментарий ×