Ноокаттагы Найман каналына чөгүп кеткен баланын сөөгү табылды

27 июль 2020 09:58 727 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ноокатта каналга түшүп кеткен баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет. 

Ош облусундагы каналга чогүп кеткен баланын жансыз денеси табылып, суудан алып чыгарылды.

"Ош облусунун Ноокат районундагы Бел-Кайрагач айыл аймагынын Найман каналына 2002-жылы туулган бала сууга чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Издөө иштерин жүргүзүү үчүн Ноокат райондук №71 ӨКБдан 9 куткаруучу, Суу чарба башкармалыгынан,  жергиликтүү тургундардан, ИИМдин кызматкерлери тартылып, маркумдун жансыз денеси суудан табылып, туугандарына  өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.


Ссылка: https://barometr.kg/nookatta-najman-kanalyna-chgp-ketken-bala-tabyldy



Добавить комментарий