"Нобель" сыйлыгынын 55 жылдан бери алгачкы "аял" лауреаты

3 октябрь 2018 11:00 978 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Канадалык физик айым Донна Стрикланд физика боюнча "Нобель" сыйлыгын алган үчүнчү аял болмокчу. Бул тууралуу Ослодогу "Нобель" комитети билдирди.

"Нобель" сыйлыгын аялдардан алгач 1903-жылы Мари Кура, ал эми экинчи болуп 1963-жылы Мария Гьеперт-Майер алган. Ошондон баштап 55 жыл бою аталган сыйлык жалан эркек физиктерге гана ыйгарылып келген. 

Донна Стрикланд бул ардактуу сыйлыка лазердик физика тармагындагы жетишкендиктери үчүн татыды. Анын ачылыш лазердик хирургия үчүн абдан маанилүү экени айтылууда.

Стрикланд сыйлыкты илимий ишинде шериктеш болгон Америкалык Артур Ашкин жана француз Жерард Мороу менен бөлүшөт.

Аталган сыйлыктын жалпы суммасы 9 миллион швед кронасы же 998,618 АКШ долларын түзөт.

2018-жылдагы "Нобелдин ээлери" ушул жуманын аягында сыйланышат.


Ссылка: https://barometr.kg/nobel-syjlygynyn-55-zhyldan-beri-algachky-ayal-laureaty-inbo



Добавить комментарий