Назира Айтбекова: Көрсө, мен сууга эле тамыры чыксын деп малынган топурактан орун ала элек гүл экенмин
"Мен сууга эле тамыры чыксын деп малынган топурактан орун ала элек гүл экенмин", - бул тууралуу телеберүчү Назира Айтбекова социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
"Чамгарактап ордумду таппай, кетчү катындай эле куюшканым көтөрүлүп турчу. Үйүмдү издей берчүмүн. Үйдө отурсам деле, - үйгө кетким келип жатат,- деген сөз автоматтык түрдө чыга берчү. Ичимден бирөө түртмөлөп, шашма адатым болчу. Башка өлкөгө кетмей болдум. Кийимдеримди чогултуп, кетип калдым. Жан дүйнөм тынчыбай койду. Артымды карабай бат эле жетип келдим. Ал жак да меники эмес экенин түшүндүм. Бушайман болдум буулуккан иттей. Китеп окудум, тренингдерге бардым, видеолорду көрдүм, түрдүү адамдар мн маектештим. Эмнени каалап атканымды билбей, түйшөлөм. Бир маанилүү нерсени түшүнгөнүмө бир айга чукул эле болду. Андан соң гана тынчтык келди жан дүйнөгө. Чынар терек сымал асман тиреп өсөм десең, тамырыңды бир жерге ары кенен, ары терең жайышың керек экен. Тамырлашпай туруп, гүлдөө мүмкүн эмес тура көрсө. Мүмкүн болсо дагы өмүрү кыска болот. Өзүмдү тааныгым келгенден баштап, казып - чукуп, өзүм мн өзүм сүйлөшүп отуруп таап чыктым. Көрсө, мен сууга эле тамыры чыксын деп малынган топурактан орун ала элек гүл экенмин. Ал топурак өзүмдүн өлкөмдүн топурагы болушу керек экен. Ушул жерден тамыр жайып, чокум анан Америка, Голливудка жете берсе болот экен. Жан дүйнөм тынчып, жыргап калдым. Жакында сырдашуу тренингим болот. Баардык айымдарды чакырам. Жакшы сөздөн, жан дүйнө жаңылыгынан кеп кылып отуралы", - деген оюн билдирди теле жылдызы.
Добавить комментарий ×