Нарын районунда 6 жаштагы кызды издөө иштери жүрүп жатат

18 май 2019 22:48 1714 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Нарын областынын Нарын районунда 2013-жылы туулган кызды издөө иштери жүрүп жатканын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Издөө иштерине 16 куткаруучу тартылса, алардын 13ү Он-Арча суусунда, калгандары Хутор, Ак-Талаа, Куланак айылдарында иш алып барууда. Мындан тышкары издөө иштерине милиционерлер жана жергиликтүү тургундар катышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/naryn-rajonunda-6-zhashtagy-kyzdy-izd-ishteri-zhrp-zhatat



Добавить комментарий