Нариман Түлеев шаардын экономикасына кабатыр

21 октябрь 2020 15:29 1899 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев жана экономика жана каржы боюнча вице-мэр Алмаз Бакетаев мамлекеттик салык кызматынын райондук  башкармалыктарынын башчылары менен жолугушту. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Жолугушууда 2020-жылдын 9 айында шаардык бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы жөнүндө маселе каралды.

Вице-мэр Алмаз Бакетаев быйыл бюджетке план  боюнча 7 миллиард 659,7 миллион сомдун  6 миллиард 230,8 миллион сом түшкөндүгүн айтты. Тилекке каршы, кирешенин жоголушу коронавирус пандемиясы жана борбордогу экономикалык иштин убактылуу токтошу менен байланыштуу.

Белгилей кетсек, борбордун кирешесинин негизги бөлүгүн салыктык кирешелер түзөт, ал  - 4 миллиард 861,1 миллион сом. Анти-рейтингди Свердлов районунун салык кызматы көтөргөн, мында пландын аткарылышы болгону 83,4% ды түзөт, калган райондордун аткарылышы 91-95% га чейин.

Мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеев төрт райондун МСКБ  башчыларына бир жуманын ичинде кырдаалды талдап, салык чогултуу боюнча планды аткарууну же кызмат ордун бошотуп берүүнү тапшырды.

Кирешелер боюнча жолугушуулар эми жума сайын өткөрүлөт

Ссылка: https://barometr.kg/nariman-tleev-shaardyn-ekonomikasyna-kabatyr



Добавить комментарий