Мыктыбек Абдылдаев Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөштү

8 октябрь 2020 16:34 1339 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 8-октябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Мыктыбек Абдылдаев президент Сооронбай Жээнбеков менен телефон аркылуу сүйлөштү. Президент тараптан демилгеленген бул баарлашууда өлкөдөгү соңку саясий кырдаал талкууланды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Төрага азыркы убакытта Жогорку Кеңеш абалды турукташтыруу жана мыйзамдык талаага кайтып келүү боюнча бардык колдон келген аракеттерди жасап жатканын, ошондой эле депутаттар тарабынан абалдан чыгуунун бир катар жолдору сунушталганын белгиледи. Ошону менен катар айрым эл өкүлдөрү тарабынан президентти кызматтан четтетүү процедурасы башталгандыгын эскертти.  Мыктыбек Абдылдаев президентке кабыл ала турган чечимдер канчалык оор болбосун, ушул күндөрү түзүлгөн кырдаалдан чукул арада чыгуунун жолдорун ыкчам түрдө кароосу керек экенин белгиледи.

“Анткени, өлкөбүз күтүү режиминде жашай албайт”, - деп кошумчалады төрага.

Ссылка: https://barometr.kg/myktybek-abdyldaev-zheenbekov-menen-telefon-arkyluu-sjlsht



Добавить комментарий