Аскердик наамдар тууралуу мыйзамга Жээнбеков кол койду

14 август 2019 10:25 633 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндөгү» КР Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди. Мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков 13 августта кол койду.

«Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндөгү» КР Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизилди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Аталган Мыйзам «Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык келтирүүгө багытталган жана саясий мамлекеттик кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын, муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган адамдарга класстык чендерди ыйгаруу үчүн укуктук негиздерди түзө турган тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.


Ссылка: https://barometr.kg/myjzamga-kol-kojdu



Добавить комментарий