Музыка жана күлкүнүн пайдасы жана терс жактары кайсылар?
Музыка адамга оң таасирин тийгизип, ички сезимге кубаныч алып келет. Өтө жагымдуу обон артериялык кан басымын калыбына келтирип, дем алуунун жыштыгы менен пульсун оңдоп, эмгекке жөндөмдүүлүктү күчөтөт. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.
Бирок, өтө узакка же катуу чыккан музыка адамга терс таасирин тийгизиши да мүмкүн. Өтө катуу коюлган ачуу музыканын чуру-чуудан эмне айырмасы бар. Катуу чуу адамдын нерв системасына, кулак кабыл алуусу аркылуу эрте жетет. Мындай жагдайга айрыкча нерви начар жана жүрөк оорулуулар чыдай алышпайт. Оңой менен уктай албай уктап кеткенде дагы улам ойгонуп, жаман түш көрүп, кыйналып таң атырат.
Күлкү ден соолуктун мүлкү
Бул сөздө ашыкча апыртуу жок. Америкалык психолог Ульем Фрей адамдын организми тамакты кандай талап кылса, күлкүнү да андан кем эмес талап кылаарын, 20 секунддук күлкү 3 минуталык гимнастикага тете келип, ал жүрөктүн иштешин, кан айланууну жакшыртаарын аныктаган. Адамдын курсагынын, ийининин, моюнунун жана жүзүнүн булчуңдары жакшы иштейт. Демек, сиз да күнүңүздүн көпчүлүк бөлүгүн күлкү менен өткөзгөнгө аракеттениңиз.
Ссылка: https://barometr.kg/muzyka-zhana-klknn-pajdasy-zhana-ters-zhaktary
Добавить комментарий ×