Онкологиялык илдетке чалдыккан жарандарга мөөнөтүнөн мурда пенсия берилет

14 август 2019 14:08 642 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Онкологиялык илдетке чалдыккандар пенсиянын топтолмо бөлүгүн мөөнөтүнөн мурда ала алат

Залалдуу шишик илдетине чалдыккан, өмүрүнө коркунуч жараткан дартка кабылган Кыргыз Республикасынын жарандары пенсиянын топтолмо бөлүгүн белгилегенген убакыттан мурда ала алат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтом долбоору Социалдык фонд тарабынан коомдук талкууга коюлду.

Буга ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү оор делген илдеттердин тизмегин түзөт. Ага биринчи кезекте онкологиялык оорулар жазылат.

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Ссылка: https://barometr.kg/muruno-korkunuch-zharatkan-dartka-kabylgan-zharandar-mntnn-murda-pesiya-toptomun-ala-alat



Добавить комментарий