Мурдагы тышкы иштер министри Жамал Ташыбекова дүйнө салды
Узакка созулган оорудан улам 83 жашында Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Жамал Ташыбекова дүйнө салды. Бул тууралуу маркумдун жакындары берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Жамал Ташыбекова 1980-1986 –жылдары министрлер кеңешинин төрагасынын орун басары, Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп иштеген.
Ошондой эле, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты болгон. Эгемендик жылдары Үй-бүлө, аялдар жана жаштар комиссиясынын төрайымы, Аялдар федерациясынын жетекчиси болуп турган.
Ташыбекова бир катар эл аралык жана мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган.
«Барометрдин» жалпы жааматы Жамал Ташыбекованын үй-бүлөсү жана бир туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Ссылка: https://barometr.kg/murdagy-tyshky-ishter-ministri-zhamal-tashybekova-djn-saldy
Добавить комментарий ×