Муфтият: "Баңги зат менен кармалган имам эч качан райондун хатибиятында иштеген эмес

30 октябрь 2018 17:00 703 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Өзгөндө жергиликтүү имам баңги зат менен кармалганын муфтият четке кагууда. Мусулмандардын дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаевдин айтымында, колго түшкөн эркек эч качан райондун хатибиятында иштеген эмес.

Эске салсак, буга чейин Ош облусунун милициясы Жылдыз айылынын жашоочусунда 37 граммдан ашык марихуана табылганын кабарлашкан.

Укук коргоо органдары шектүү жергиликтүү имам экенин билдиришкен. 

Ссылка: https://barometr.kg/muftiyat-bagi-zat-menen-karmalgan-imam-ech-kachan-rajondun-hatibiyatynda-ishtegen-emes



Добавить комментарий