Өмүрбек Суваналиев: Кырдаалдын курчушуна уюшкан кылмыштуу топтун дагы тиешеси бар
Бүгүн, 8-октябрда чукул жарандык форумда Кыргызстанда абал татаал бойдон калып, ар ким өз тарапташтары менен басып алууларды көздөп турганы айтылды. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин башчысы Өмүрбек Суваналиев чукул жарандык форумда билдирди.
"Өкмөт бүгүн, 8-октябрда эч жакка кетпегенин жана аралыктан иштеп жаткандыгын билдирди. Мындай кырдаалда бирден-бир мыйзамдуу орган - Коопсуздук кеңеши. Бүгүн мен өз милдетимди жалгыз аткарышым керек жана бул өтө оор. Ар кимдин колунда курал бар. Кырдаалдын курчушуна уюшкан кылмыштуу топтун дагы тиешеси бар", - деди Суваналиев.
Ал укук коргоо органдары саясаттан тышкары бойдон калаарын баса белгиледи.
"Биз саясатка таандык эмеспиз, биз коопсуздук максатында иштейбиз. Мен мамлекеттик коопсуздук органдарынан партиялардын жана саясий күчтөрдүн жолугушуулары үчүн орун берүүгө тыюу салдым", - деп кошумчалады Суваналиев.
Анын айтымында, республикада башаламандыкты токтотуу мүмкүн болгон.
«Биз баары менен тыгыз иштешип жатабыз, чек араларды жаптык, бардык баскынчыларды ордуна коёбуз. Түштүктө улуттар аралык кагылышууну алдын алуу иштери жүрүп жатат. Бул жерде деструктивдүү күчтөр иштеп жаткандыктан, жалган маалыматтар элди дүрбөлөңгө салат. Биз кылмышкерлер менен мыйзам чегинде күрөшүп жатабыз. Бардык күч түзүмдөрү саясий күчтөр үчүн эмес, эл үчүн иштейт ", - деди Суваналиев сөзүнүн аягында.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлери митингке чыгышкан. Мөөнөтсүз митинг баш аламандык менен коштолуп, 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКны басып алышкан. Бир топ саясатчылар абактан бошотулган.
Добавить комментарий ×