Өмүрбек Бабанов Финполго чакырылды
Бөлүшүү:
Экс-депутат Өмүрбек Бабанов Финполго чакырылды.
Бул тууралуу Бабановдун жакындары билдирди.
Бирок кайсы иш боюнча суракка чакырылганын айтышкан жок.
9-августта Өмүрбек Бабанов Кыргыз өлкөсүнө кайтып келген. Ал 2017-жылдын октябрь айындагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен.
Экс-депутат өлкөгө кайтарын жарыялаганда УКМК "Бабанов келсе мыйзам чегинде жоопко тартылат" деп билдирүү тараткан.
Ссылка: https://barometr.kg/mrbek-babanov-finpolgo-chakyryldy
Добавить комментарий ×